• 87
  • 91.29
  • 0.84

Статистика: 332 адамдан COVID-19 жаңы табылып, жети бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 15.08.21. /Кабар/. Кыргызстанда 15-августка карата коронавирус дагы 332 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 150, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 31, Ош облусунда – 8, Талас облусунда – 30, Нарын облусунда – 23, Ысык-Көл облусунда – 38, Жалал-Абад облусунда – 36, Баткен облусунда – 24 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 676 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча жети бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 2 миң 125 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 328 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 172 миң 090 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 162 миң 780 киши айыгып чыкса, 2 миң 446 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий