• 88.68
  • 95
  • 0.95

Мүмкүнчүлүгү чектелген жаштар Оштун активисттери менен бирге өздөрүнүн шайлоо укуктарын коргоого үйрөнүүдө

Аймак 0

Бишкек, 14.08.21./Кабар/. Эл аралык жаштар күнүн утурлап "Electoral Rights Fest" жумалыгынын алкагында, Кыргыз Республикасындагы шайлоо системаларынын Эл аралык фондусунун Өкүлчүлүгү (IFES) эл аралык өнүктүрүү боюнча АКШ Агенттигинин (USAID) көмөктөшүүсү менен Ош шаарында үч күндүк жаш жарандын инклюзивдик мектебин ишке киргизди.

Анын катышуучулары – 18ден 28ге чейинки курактагы жаш жарандар, алар лидерлик сапаттарын көрсөтүүгө, социалдык жактан жигердүү болууга, өз укуктарын, анын ичинде шайлоого жана шайланууга болгон укугун коргоого үйрөнүшөт.

Жарандык коомдун өкүлдөрүнөн чыккан эксперттер жана тренерлер менен бирге жаш активисттер коом алдында турган социалдык, саясий, гендерлик, экономикалык ар кыл курч маселелерди талкуулашып, демократиялык мааниге ээ болгон долбоорлорду жазууга жана аларды жүзөгө ашырууга үйрөнүшүүдө.

Уюштуруучулардын айтуусунча, аталган мектеп Кыргызстан жаштарынын интеллектуалдык потенциалын бириктирүүгө багытталган.

«Аталган тренингдин алкагында, биз шайлоолор, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын шайлоо укуктары өӊдүү маселелерди карамакчыбыз. Аталган аянтчанын башкы максаты – жаштарды шайлоо процессинде активдештирүү, өз укуктары тууралуу билимдерин жогорулатуу. Биздин мектеп кызыктуу социалдык-гуманитардык долбоорлор аркылуу жаш жарандар үчүн алдыга карай өнүгүүнүн келечегин ачып берет деп ишенебиз».

Мектептин катышуучуларына мамлекеттик түзүлүш системасы жана мамлекеттик башкаруу институттары тууралуу айтып беришти. Кызуу талаштардын жүрүшүндө укуктарды жана эркиндикти ишке ашыруу механизмдери, атап айтканда, шайлоого жана шайланууга укугу, референдумдарга катышуу укугу, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштөө укугу, Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу кантип камсыздалып жаткандыгы кеӊири талкууга алынды.

Пикир

Оставить комментарий