Бишкек, 20.02.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 59 адамдан табылып, 2 бейтап каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкекте – 22, Ош шаарында - 1, Чүй облусунда – 18, Ош облусунда - 8, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда - 9 кишиден табылган.
Ал эми бир сутка ичинде 107 адам коронавирустан айыгып чыккан.
“Бишкекте – 40 , Чүй облусунда – 33, Ош облусунда - 11, Нарын облусунда – 7, Жалал - Абад облусунда - 3, Ысык-Көл облусунда – 9, Талас облусунда - 3, Баткен облусунда - 1 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте - 1 жана Ысык-Көл облусунда – 1 адам каза болгон.
Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 391 бейтап, амбулатордук түрдө 358 адам дарыланууда.
“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Пандемия башталгандан бери 4 миң 202 медицина кызматкери коронавирус жуктурган, алардын ичинен 4 миң 147 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 85 миң 831 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 82 миң 690 киши айыгып чыкса, 1 миң 452 адам каза болду.
Пикир
Оставить комментарий