• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Саламаттык сактоо министрлиги: Коронавируска каршы күрөштө 5,5 миңдей медкызматкер иштеп жатат

COVID - 19 0

Бишкек, 23.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус менен күрөшүүдө жалпы 5,5 миңдей медкызматкер иштеп жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, медкызматкерлердин арасында 1-деңгээлдеги дарыгерлер, оорулуулар менен түзмө-түз иштегендер, мобилдик топтун кызматкерлери, үй карантинге чыгарылгандарды көзөмөлдөгөндөрү жана чек арада турган кызматкерлер бар.

"Алар жаңы алгоритм боюнча окуудан өтүшкөн", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 23-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 631ге жетти. Алардын ичинен 162си медицина кызматкери. Илдеттен 302 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий