• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирусту 401 адам жуктуруп, 5 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 05.12.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде коронавирусту 401 адам жуктуруп, 5 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек - 99, Ош - 20, Чүй облусу – 133, Ош облусу - 22, Талас облусу - 15, Нарын облусу - 2, Ысык-Көл облусу – 45, Жалал-Абад облусу – 39, Баткен облусу - 26 киши ооруп калды.

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 425 бейтап сакайып чыкты. Алар Бишкек – 124, Ош шаары – 10, Чүй облусу – 102, Ош облусу – 11, Талас облусу – 16, Нарын облусу – 9, Ысык-Көл облусу – 40, Жалал-Абад облусу – 60, Баткен облусу – 53.

COVID-19 илдетинен 5 бейтап каза болду: Бишкекте 5. Жалпы 74 миң 774 адам коронавируска кабылса, 66 миң 538и айыкты. Илдеттен 1 миң 290 бейтап каза болду.

Стационарда 2616, амбулатордук түрдө 3 515 киши дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Ал эми бир суткада стационардан 4, үй карантининен 7 медкызматкер чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3 962 учур катталды, алардын ичинен 3 660 медкызматкер сакайды.

Пикир

Оставить комментарий