Бишкек, 27.12.24. /Кабар/. STEM сабактарынын мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча курстардын үчүнчү этабы жыйынтыкталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2935 мугалимди камтыган долбоордун алкагында өлкөнүн бардык аймактарында квалификациялуу мастер-тренерлер тренингдерди өткөрдү. Алар Кыргызстандын эң алыскы, тоолуу жана шарты катаал аймактарындагы мектептерге барып, мугалимдерге практикалык жардам көрсөтүштү.
Ошондой эле тренингдерде жаңы методикаларды практикада колдонууга өзгөчө көңүл бурулган. Тактап айтканда, курстарды аяктаган ар бир мугалим алган билимдерин колдонуу менен өзүнүн сабак пландарын түзөт. Ал эми мастер-тренерлер мугалимдердин сабактарына катышып, жаңы методдорду күнүмдүк практикага киргизүүгө колдоо көрсөтүшөт.
Белгиленгендей, STEM сабактары боюнча атайын курстар табигый жана так илимдерди окутуунун алдыңкы эл аралык методикаларын киргизүүгө багытталган. Бул методикалар мугалимдерге окуучулардын STEM сабактарына болгон кызыгуусун арттырууга, аларды билим берүү процессине активдүү тартууга, сынчыл ой жүгүртүүсүн жана өз алдынча изилдөө жүргүзүү жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жардам берет.
"Курстардын биринчи жана экинчи этабы жалпы 7259 адамды камтып, тренингдердин төртүнчү этабы 2025-жылдын 8-январында башталат. Өлкө боюнча жалпысынан 15 000ден ашык STEM мугалимин окутуу пландалууда",-деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, квалификацияны жогорулатуу программасы Билим берүү жана илим министрлиги, республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту тарабынан Азия өнүктүрүү банкы каржылаган “Секторду өнүктүрүү программасы: Мектептик билим берүүнү реформалоо” долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылууда.
Пикир
Оставить комментарий