• 86.5
  • 91.44
  • 0.87

Сугат суу түйшүгүн кантип чечсе болот?

Коом 0

Бишкек, 29.06.21. /Кабар/. Жылда дыйкандар сугат суусунун тартыштыгына дуушар болот. Ошто өткөн эки күндүк конференциянын жүрүшүндө аталган маселе талкууланып, ой-пикирлер айтылды. Демилгечи топ ички каналдарга өзгөчө көңүл буруу керек дешет. Конференциянын ишине Жогорку Кеңештин депутаттары, Айыл-чарба жана экономика министрликтеринин өкүлдөрү, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Жалал-Абад жана Ош облустарынын Суу пайдалануучулар ассоциациясынын өкүлдөрү жана фермерлер катышты.

Сугат суусу боюнча демилгечи топ дыйкандарды түйшөлткөн сугат суудагы көйгөйдүн түпкү тамырын иликтеп чыгып, мыйзам долбоор жазышкан. Топтун жетекчиси Кадырали Имановдун айтымында, мыйзам долбоор кабыл алынса сугат суусундагы чаржайттык ирээтке салынмак.

«Учурда иштеп жаткан докуменкте ыйлайык, тышкы каналдарды мамлекет тейлейт. Анын негизинде мөңгүдөн түшкөн сууну суу топтоочу жайларга чейин жеткирип берүү иши өкмөткө жүктөлгөн. Ал эми андан ары дыйканчылык талаасына жеткирүү суу пайдалануучулар ассоциациясына тийиштүү иш. Тактап айтканда, алар ички каналдарга жооп берет. Бирок ассоциялардын чамасы чак болгондуктан, ички каналдар өтө аянычтуу абалга келди», - деп эсептейт сугат суусу боюнча түзүлгөн демилгелүү топ.

Ички канал демекчи, алардын жалпы узундугу 23 миң чакырымды түзөт. Алардын дээрлик баары союз кезинде курулган. СССРден мураска калган ички каналдардын 90 пайызы эбак мөөнөтүн өтөп бүтүп, талкаланган. Ички ирригациялык система деген аты бар, бирок заты жок деңгээлге жетти. Бетондолгонун кой, арыктар жер менен жер болуп калды.

«Арыктар бетондолбогондуктан, агып келген суунун 50-60 пайызы эле дыйканчылык талаассына жетпей, жерге сиңип кетүүдө. Арык казуу, бетондоо үчүн техника, каражат керек. Ассоциацияларда ага акча жок. Мисалы, мен Ноокаттан районунан болом. Ал жакта күн ысык болгондуктан, жер кургап кетет, кургак жерге суу заматта сиңип кетип, биздин айдоо аянтыбызга сугат суусунун 40 пайызы эле келип атат», - дейт сугат суусу боюнча демилгечи топтун мүчөсү Каныбек Шералиев.

Эксперт Асылбек Чекировдун айтымында, сугат суусу боюнча демилгечи топ сунуш кылган мыйзам долбоордо жергиликтүү өз алдынча башкаруу уюмдары ички ирригациялык системаны кароо, тейлөө ишин ыктыярдуу негизде жүргүзүү демилгеси киргизилген.

«Азыр айыл өкмөттөр ички каналдарды оңдоо же тейлөөгө каражат бөлө албайт. Ал тургай гранттарды да тарта тарта албайт. Дотациядан чыгып калган айыл ѳкмѳттѳрү деле ички чарбалык каналды оңдоого бюджеттен каржы бѳлѳйүн десе мыйзам жол бербейт. Айрымдары ушул боюнча суракта жүрѳт. Эгер ушул мыйзам долбоор өтсө, айыл өкмөттөр ыктыярдуу түрдө каналдарды оңдоо ишин колго алмак. Анткени алар кандай болгон күндө дагы мамлекеттик аткаруу бийлигине кирет да», - деп белгиледи Асылбек Чекиров.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Искендербек Айдаралиев - дал ушул ички чарбалык сугат каналдарын каржылоо булактарын кеңейтүү керектигин кошумчалады.

«Эскирип, талкаланган ички сугат суу тутумдарын оңдоо, куруу Суу пайдалануучулар ассоциацияларынын жалгыз колунан келбейт. Ага көп каражат керек. Кургакчылык маалында жаңы суу бургалоочу жайларды (скважиналарды) ишке киргизүү мезгил талабы. Бирок жаңысын кой, мурдагылары “өгөй баладай” болуп каралбай калды. Мыйзам долбоор кабыл алынса, ушул маселеле дагы чечилмек. Мына таза суу боюнча тарифтер бекитилип, жолго салынып калды. Сугат суусу деле ошондой реформага муктаж. Биз сунуш кылып жаткан мыйзам долбоор жергиликтүү бийликке ирригацияга байланыштуу маселеде өз эрки менен чечим кабыл алууга укук берип, суу колдонуучу дыйкандардын өз убагында төлөө жоопкерчиликтери камтылган», - деп кошумчалады Айдаралиев.

Эскерте кетсек, сугат суусу боюнча демилгечи топ мыйзам долбоорду эки жыл мурда иштеп чыгып, аймактарды кыдырып коомдук талкууларды уюштарган. Негизинен Айыл чарба министрлиги менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бул мыйзам долбоор дыйкандар, суу пайдалануучу ассоциациялар үчүн өтө зарыл документ экенин белгилешкен. Парламенттин кароосуна дагы киргизилген. Учурда документ Өкмөттүн кароосунда.

Сугат суусунун өксүгү азык-түлүк коопсуздугуна түздөн-түз таасир этет. Ошондуктан ички ирригация маселесине өзгөчө көңүл буруу керек деп адистер коңгуроо кагууда. Демилгечи топ адистердин, эксперттердин элегинен өтүп, иштелип чыккан мыйзам долбоор сугат суусу көкөйдү кесип турган маалда абадай зарыл экенин белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий