• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Сулайман-Тоонун айланасында этно шаарча курулушу мүмкүн

Аймак 0

Бишкек, 4.12.17. /Кабар/. Оштогу Сулайман-Тоонун тегерегинде этно шаарча курулушу мүмкүн. Бул тууралуу “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин тегерегиндеги конуштарды карап чыккандан кийин КР маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов билдирди.

Анын айтымына караганда, этно шаарча кургандан соң, ал жердин айланасында этно базар ачса болот.

Министр кошумчалагандай, Россия падышачылыгы учурунда салынган Каракол шаарындагы жана Ысык-Көл облусундагы тарыхый имараттарды сактап калуу боюнча иштер жүрүүдө.

“Албетте мунун баары туристтерди тартуу максатында. Андан сырткары, сакталып же кайра калыбына келтирилген объекттерди тасма тартуу үчүн да колдонсо болот”,-деп билдирди Жумагулов.

Пикир

Оставить комментарий