• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абадда милиция түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантууда

Аймак 0

Бишкек, 22.07.20. /Кабар/. Жалал-Абадда милиция түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантууда, - деп билдирет облустук милициянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Базар-Коргон РИИБи тарабынан 200дөн ашуун мамлекеттик жана жеке менчик ишканалар, соода түйүндөрү текшерилип, санитардык нормалардын, жеке гигиеналык эрежелердин сакталышы көзөмөлгө алынды.

Коронавируска байланыштуу 35 милициянын участкалык инспекторлору тейлеген аймактарында элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

"Алар жергиликтүү тургундарга азыркы кырдаалды туура түшүнүп, зарылчылык жаралбаса үйдө болуу керектигин, көчөгө чыкканда ар дайым беткап тагуу зарылдыгын эскертишти. Ошондой эле чакан антисептикалык каражаттарды жанына алып жүрүп, аны колдонуу менен жугуштуу оорунун алдын алууга болооун жеткиришти. Район аймагындагы айылдарда милициянын көчмө кабылдамасына орнотулган үн чыгаруучу каражаттар аркылуу пандемиялык абал жана андан сактануу жолдору айтылды", - деп билдиришти облустук милициянын басма сөз кызматынан.

Ал эми Ала-Бука РИИБдин кызматкерлери тарабынан райондук жугуштуу оорулар бөлүмүндө эмгектенген жана обсервацияда кызмат өтөгөн ак халатчандарга бир күндүк ысык тамак уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий