• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Саламаттык сактоо министри Сокулук Жалпы дарыгерлик практика борборунда болду

Аймак 0

Бишкек, 26.12.23. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин депутаты Винера Раимбачаева менен бирге Чүй облусунун Сокулук Жалпы дарыгерлик практика борборунда болду.

Министрликтен билдиришкендей, алар райондун калкына көрсөтүлгөн медициналык жардамдын сапаты жана ЖДПБнын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу боюнча иштер менен таанышты.

Алымкадыр Бейшеналиев жана Винера Раимбачаева травматология жана хирургия бөлүмдөрүндөгү оңдоп-түзөө иштери менен таанышып, операциялык жана кабыл алуу блокторун карап чыгышты. Бөлүмдөрдүн учурдагы оңдоо иштерине бюджеттен 8 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн.

Андан кийин Кувейт фондунун каражатына курулган жугуштуу оорулар бөлүмүндө болушту. Бөлүм бардык санитардык нормаларын эске алуу менен, атайын желдетүү системасы менен курулган.

Сокулук ЖДПБнын директору Венера Китаева оңдоо иштеринин аркасында оорукананын бөлүмдөрүнүн иштөө шарттары, ошондой эле бейтаптарды тейлөө сапаты жакшырганын билдирди. Оорукананын кызматкерлери үчүн ыңгайлуу иштөө шарттары түзүлгөн.

Мындан тышкары, директор министрден Панфилов айылындагы фельдшердик-акушердик пункттун жаңы имаратын курууга көмөк көрсөтүүнү суранды.

«Учурдагы ФАПтын имараты талапка жооп бербейт, ФАПка 1500дөй адам бекитилген», - деп белгиледи Китаева.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев медициналык жардамдын өнүгүшү сапаттуу дарылоо менен гана эмес, бейтаптар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү менен да аныкталарын баса белгиледи.

«Сокулук ЖДПБда 250 орундуу жаңы имарат куруу демилгесин көтөргөн жана бул үчүн Сауд Аравиядан инвесторлорду тарткан Винера Калыбековна Раимбачаевага да ыраазычылыгымды билдирем, эртең алар менен жолугушуу өткөрүп, курулуш иштерин талкуулаганы турабыз», - деди министр.

Министр ошондой эле Панфилов айылындагы фельдшердик-акушердик пункттун жаңы имаратын куруу боюнча кайрымдуулук фонддору менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрүн билдирди.

Пикир

Оставить комментарий