• 87
  • 90.41
  • 0.84

Султанали Гафуров: Дааватты көп тармактуу карашыбыз керек

Коом 0

Бишкек, 08.11.24. /Кабар/. Дааватты көп тармактуу карашыбыз керек. Бул тууралуу Муфтияттын даават бөлүмүнүн башчысы Склтаналы Гафуров Кыргызстандагы дин тутуу эркиндиги жана жана диний уюмдар боюнча "Ой-Ордо" берүүсүндөгү талкууда билдирди.

"Даават деген сөздү көп тармактуу түшүнүш керек. Кээ бир адамдар акыл насаат айтуу менен даават айтса, кээ бир адамдар сабак өтүү менен, ал эми кээ бирлер өзүнүн үлгүлүү жашоосу менен даават кылат. Айрымдар болсо социалдык тармактардан чыгып даават айтат. Дааваттын түрлөрү көп. Ошондуктан, дааватты кененирээк мүнөздө караш керек”,-деди ал.

Белгилей кетсек, "Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий