• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Сурат Жылкычиев: "Мейкин" сыйлыгы журналисттердин чыгармачылыгына дем берет

Коом 0

Бишкек, 27.08.24. /Кабар/. Президенттин "Мейкин" сыйлыгын берүү демилгеси журналистика тармагындагы таланттуу адамдарды аныктоо, колдоо жана дем берүү максатын көздөйт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине "Азия Ньюс" гезитинин баяндамачысы Сурат Жылкычиев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын эгемендик жылдарында Садыр Жапаров - журналисттердин ишмердүүлүгүнө көңүл буруп, журналисттерге дем берүү үчүн сыйлык уюштуруу демилгесин көтөргөн биринчи президент. Кыргызстандын мурунку президенттеринин бири да мындай сыйлык уюштурган эмес.

"Мен сыйлыктын уюштурулуусуна абдан кубанычтамын, мамлекет башчынын бул демилгесин колдойм. Эми тигил же бул кишинин тууганынын, же досунун эмгеги алдыга жылдырылбай, сынакка катышып жаткан чыгармалар дыкат тандалат деп ишенем", - деди ал.

Ошондой эле Жылкычиев бардык эле мамлекет башчылары журналисттер менен мамилени жакшыртпастан, тескерисинче, ЖМКларга жабык болууга аракет кылышкан. Анткени бийлик кээ бир журналисттердин сын-пикирлерин туура кабыл албай, аларды тоготпоого аракет кылышкан. "Мейкин" сыйлыгынын түзүлүшү сапаттуу материал жазууга чоң түрткү берип, кесипкөйлүккө шыктандырат. Жакшы демилгени колдоо керек. Бул сыйлык кесиптин кадыр-баркын көтөрүү жана журналисттердин чыгармачылыгына дем берүү максатында негизделди", - деп баса белгиледи ал.

Сурат Жылкычиев бул сынакка катышасызбы деген суроого учурда даяр эмес экенин айтты.

"Мен азырынча катышууга даяр эмесмин деп ойлойм. Бирок, даярданып, кийинки жолкусуна балким катышып калам. Анткени, бул абдан олуттуу сыйлык, ага кылдат даярдануу жана эң негизгиси сапаттуу материал жасаш керек", - деди Сурат Жылкычиев.

Белгилей кетсек, учурда президенттин медиа жана журналистика жаатында жыл сайын ыйгарылуучу "Мейкин" сыйлыгын алууга сынакка арыздарды кабыл алуу жүрүүдө. Сыйлыктын байге фонду 10 млн сом. Анда 10 номинациянын ар бир жеңүүчүсүнө 1 млн сомдон тапшырылат.

"Мейкин" сый акысына талапкерлерди 11 көз карандысыз медиа эксперттен, журналисттерден, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган сынактык комиссия тандайт. Сынакка катышууну каалагандар 2024-жылдын 1-январынан тартып 1-октябрга чейинки мезгилде даярдалган материалдарды meikin@mail.gov.kg электрондук дарегине жөнөтүүсү керек.

Пикир

Оставить комментарий