Бишкек, 16.09.20. /Кабар/. Сутка ичинде 7 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.
Анын айтымында, Баткен облусунда 7 медик илдетке кабылды.
"Ал эми бир суткада ооруканалардан 6 медкызматкер жана үй карантининен 13 медкызматкер айыгып чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 миң 181 учур катталды, алардын ичинен 2 миң 729 медкызматкер айыгып чыкты", - дейт ал.
Белгилей кетсек, 16-сентябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуккан учурлардын саны 45 миң 72ни түзөт. Алардын ичинен 41 миң 210 киши айыгып чыкты, 1 миң 63 адам каза болду.
Пикир
Оставить комментарий