• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Сутка ичинде өлкө аймагында 10 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 02.07.21 /Кабар/. Сутка ичинде өлкө аймагында 10 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 12 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 3, Ош шаары 1, Чүй облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Талас облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2, Ош облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Бишкек шаарынын Октябрь районунда “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрт электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушунан келип чыккан.

Бишкек шаарынын Биринчи май районунда турак үйдүн ичинде электр зымдары күйгөн. Өрт электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушунан келип чыккан.

Талас облусунун Кара-Буура районундагы Кызыл-Адыр айылынын Жаңы Конуш тилкесинде жыгач устундуу темир жабылган “VOICE” кафесинин 20 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрт электр зымдарынын кыска туташуусунан келип чыккан.

Жалал-Абад шаарындагы Тажибаев көчөсүндө жайгашкан көмөкчордон күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий