• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Сутка ичинде өлкө аймагында 21 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 01.07.21. /Кабар/. Сутка ичинде республиканын аймагында 21 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 23 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Чүй облусунун Кемин шаарындагы Немсов көчөсүндө турак үйдүн электр калканы, 1 куб отун жана 4 чарчы метр коен клеткасы күйгөн.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кең-Сай айылында жайгашкан жалпы аянты 200 чарчы метр болгон таттуу жүгөрү чыгаруучу “777” цехи жана 500 даана майда оюнчуктар толугу менен күйгөн.

Ал эми Баткендин Лейлек районундагы Ч. Айтматов көчөсүндө Ауди-100 үлгүсүндөгү жеңил унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн.

Пикир

Оставить комментарий