• 87
  • 90.41
  • 0.84

Сутка ичинде өлкө боюнча 14 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 16.06.20. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө боюнча 14 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 5, Чүй облусунда 1, Ош шаарында 3, Ош облусунда 1, Нарын облусунда 3 жана Талас облусунда 1 медкызматкер илдетке кабылды. "Ал эми стационарлардан сутка ичинде 5 медкызматкер айыгып чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 474 учур катталды, алардын ичинен 359 медкызматкер стационарлардан айыгып чыкты", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 16-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 2472 учур катталды. Алардын ичинен 474ү медицина кызматкери. Илдеттен 1847 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 28 адам (+1 учур бүгүн катталды) каза болду.

Пикир

Оставить комментарий