• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Акыркы суткада коронавирусту 123 медкызматкер жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 17.07.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Акыркы суткада коронавирусту 123 медкызматкер жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте 40, Ош шаарында 14, Чүйдө 26, Ош облусунда 20, Таласта 2, Баткенде 16, Жалал-Абадда 4, Ысык-Көлдө бир медкызматкер илдетке кабылды.

“Бир күн ичинде коронавирустан 9 медкызматкер айыгып, ооруканадан чыгарылды. Илдеттен айыккандардын жалпы саны 592ни түзөт”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 13 миң 101ге жетти. Алардын ичинен 2199у медицина кызматкери. Илдеттен жалпы 6096 (үй изоляциясынан 2275) жаран айыкса, коронавирус жуктурган 173 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий