• 87
  • 90.41
  • 0.84

Сутка ичинде өлкө боюнча 62 медкызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды

COVID - 19 0

Бишкек, 08.07.20. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө боюнча 62 медкызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 23, Чүй облусунда 16, Ош шаарында 9, Ош облусунда бир, Нарын облусунда 3, Ысык-Көл облусунда бир, Жалал-Абад облусунда 6,Баткен облусунда 3 медкызматкер илдетке кабылды.

“Ал эми бир суткада 7 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 1287 учур катталды, алардын ичинен 522 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 8486га жетти. Алардын ичинен 1287си медицина кызматкери. Илдеттен 2983 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 112 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий