• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Өткөн сутка ичинде 13 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 08.07.20. /Кабар/. Өткөн сутка ичинде 13 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, кыргыз-түрк “Достук” ооруканасынан – 1 (эркек, 67 жашта), № 6 шаардык клиникалык ооруканасынан – 1 (эркек, 52 жашта), Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан – 3 (3 эркек, 69-55-70 жашта), Ош шаардык клиникалык ооруканасынан – 1 (эркек, 52 жашта), Жалал-Абад облустук ооруканасынан – 1 (эркек, 53 жашта), Ат-Башы аймактык ооруканасынан – 2 (эркек 64 жашта, аял 55 жашта), Жайыл аймактык ооруканасынан – 3 (эркек, 63 жашта, 2 аял – 59-70 жашта) жана Москва аймактык ооруканасынан – 1 (аял 49 жашта) адам каза болду.

Белгилей кетсек, азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 8486га жетти. Алардын ичинен 1287си медицина кызматкери. Илдеттен 2983 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 112 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий