• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда бир сутка ичинде 67 бейтап коронавирустан айыкты. Жалпы 2983

COVID - 19 0

Бишкек, 08.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир сутка ичинде 67 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

"Сутка ичинде Бишкек шаарынан 16, Чүй облусунан 18, Ош облусунан 4, Ош шаарынан 18, Баткен облусунан 2, Жалал-Абад облусунан 4, Нарын облусунан 5, бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 2983 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды", - деп билдирди ал.

Акматова кошумчалагандай, ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыккан.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүн дагы коронавирус жуккан 345 жаңы учур аныкталып, COVID-19 вирусун жуктургандардын саны 8486га жетти. Коронавирус жуктурган 112 адам (+13 учур бүгүн катталды) каза болду.

Пикир

Оставить комментарий