• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстанда дагы 345 адамда коронавирус табылды. Жалпы 8486

COVID - 19 0

Бишкек, 08.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда 8-июль саат 10:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 345 учур катталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын маалыматына ылайык, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 8 миң 486 адамга жетти.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

-Бишкек шаарында – 183
-Чүй облусунда - 51
-Ош шаарында - 22
-Ош облусунда – 7
-Жалал-Абад облусунда - 23
-Баткен облусу - 21
-Ысык-Көл облусу - 24
-Нарын облусунда - 14.

Пикир

Оставить комментарий