Бишкек, 07.03.23. /Кабар/. Суу чарба мамлекеттик кызматы эки суу сактагычтын сугат мезгилине даяр экенин билдирди, деп маалымдады Айыл чарба министрлигинен.
Билдирүүгө ылайык, Орто-Токой суу сактагычы бул жылы 10-апрелге чейин толот.
Суу чарба кызматынын директору Алмазбек Сокеев ал Чүй облусун сугат суу менен 97% камсыздай турганын билдирди.
"Киров суу сактагычындагы суунун деңгээли бул жылы 500 млн кубметрге жетпейт. Биз 450-470 миллионго жетет деп божомолдоп жатабыз. Бул көлөм жыл аягына чейин жетет", - деди Сокеев.
Пикир
Оставить комментарий