• 87
  • 90.41
  • 0.84

Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Мыйзамга кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 24.11.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2017-жылдын 16-ноябрында кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын учурдагы Өкмөтү тарабынан колдоого алынган.

Мыйзамдын максаты - тоо-кен өнөр жайынын мөңгүлөргө болгон таасирин укуктук жактан жөнгө салуу. Мыйзам стратегиялык маанидеги эң ири объектидеги тынымсыз өндүрүштү камсыздоого багытталган жана өлкөдөгү 6771 мөңгүнүн ичинен 2 мөңгүгө гана (Давыдов жана Лысый) тиешелүү.

Мыйзам аркылуу Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 62 жана 67-беренелерине мөңгүлөрдүн абалына таасир кыла алчу тоо-кен өнөр жайынын иш-аракетине тыюу салуудан Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн алып салууну караган толуктоолор киргизилүүдө. Муну менен катар бул өзгөчөлүк Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө болгон буга чейинки таасирге тиешеси жок.

Баалоо маалыматына ылайык, Давыдов мөңгүсүнүн көлөмү өлкөнүн мөңгүлөрүнүн жалпы аянтынын ичинен 0,14% түзөт. Муну менен катар 1995-жылдан 2002-жылга чейин климаттык шарттардын өзгөрүшүнө байланыштуу Давыдов мөңгүсү 170 метрге, ал эми Лысый мөңгүсү 70 метрге азайган.

Давыдов мөңгүсү акыркы жылдары Кумтөр кенинин Борбордук карьерине карата кыймылда болуп, ишкананын жумушчуларынын коопсуздугуна олуттуу коркунуч жаратууда. Мөңгүнүн мындан кийинки көзөмөлсүз кыймылы Борбордук карьердин тосмолорунун урашын жана суу менен мөңгү сыныктарына толушуна алып келип, алтындын болгон запастарын (200 тоннага жакын) ачык да, жер алдындагы да ыкмалар менен казып алууга мүмкүндүк бербей жатат.

Мындан тышкары, кендеги өндүрүштү токтотуу, эл аралдык юридикалык кеңешчилер жана ата мекендик адистердин корутундуларына ылайык, кыйла терс геотехникалык, экологиялык, социалдык-экономикалык жана укуктук кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

2016-жылы “Кумтөр” долбоорунун өлкөнүн ИДПсына болгон үлүшү 8%, ал эми өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндө 23%дан ашуун үлүштү түздү. Жыл сайын республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге болгон түз жана кыйыр түшүүлөр 7-8 млрд. сомду түзөт.

Мыйзамды кабыл алууда ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында «Центерра Голд Инк.» компаниясы менен Айлана-чөйрөнү сактоо жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча Стратегиялык макулдашуу түзүлгөнү жана анын алкагында канадалык инвесторлор Табигатты өнүктүрүү фондун түзүү (50 млн АКШ доллары), жыл сайын экологиялык төлөмдөрдү 310 миң АКШ долларынан 3 млн АКШ долларына чейин көбөйтүү жана аны жыл сайын 6 млн АКШ долларына толуктап, акчанын көлөмүн 69 млн АКШ долларына жеткирүү, Онкологиялык кызматты колдоо фондун түзүү (10 млн АКШ доллары), «АМЕС» компаниясынын эл аралык экологиялык аудитинин кеңештерин толугу менен ишке ашыруу милдеттенмесин алышты.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий