Бишкек, 21.09.24. /Кабар/. Бүгүн №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча сырттан добуш берүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
№13 Сузак шайлоо округу боюнча 81 участкалык шайлоо комиссиясынын 15ине шайлоочуларга сырттан добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн 81 арыз берилген, анын ичинен:
- карылыгы боюнча – 32;
- майыптыгы боюнча – 22;
- ооруга байланыштуу – 27.
Маалымат үчүн: Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү, добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күн калганда 08:00дөн 20:00гө чейинки аралыкта жана шайлоочунун добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде гана жүргүзүлөт.
Пикир
Оставить комментарий