• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Казакстанда аскер парадына үч миң киши катышты

Аймак 0

Бишкек, 07.05.18. /Кабар/. Казакстанда 7-май Ата Мекенди коргоо күнүнө карата аскер парады болуп өттү.

Ага үч миң аскер кызматкери, 40 учуучу аппарат, андан тышкары аскер техникаларынын 300дөй түрү катышты. Парадды өлкөнүн Башкы кол башчысы Нурсултан Назарбаев жетектеди.

Иш-чара Жамбыл облусундагы “Отар” аскер полигонунда өттү. Назарбаевден тышкары парадга бардык облус акимдери келишти: аларга аймактык коргонуу биргадаларынын туусу тапшырылды.

Салтанат учурунда аскер кызматкерлеринин тактикалык өнөрлөрү, ошондой эле “Жетысу” учкучтар тобунун жогорку пилотаждагы фигуралары көрсөтүлдү.

Казакстанда 7-май мамлекеттик майрам жана 2012-жылдан бери эс алуу күнү болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий