Сузак райондук төрөт үйү капиталдык оңдоодон кийин пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 03.05.23. /Кабар/. Бүгүн Сузак аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Төрөт үйүнүн имаратында беш ай аралыгында оңдоп-түзөө жумуштары жүргүзүлүп, кошумча бөлмөлөр, жаңы медициналык жабдыктар менен камсыздалды.

Ооруканада жыл сайын 5 миңден ашуун төрөт катталат. Имаратты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө республикалык бюджеттен 4 млн сом, облустук өнүктүрүү фондунан 5 млн сом, райондун өнүктүрүү фонду тарабынан 3,5 млн сом акча каражаты жумшалган.

Мекеменин ачылышына президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, райондук бийлик өкүлдөрү, оорукана кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Пикир

Оставить комментарий