• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Чаткалда элдик таланттардын "Кош жылдыз" сынагынын жыйынтыктоочу концерти өттү

Аймак 0

Бишкек, 30.12.21. /Кабар/. Кечээ, 29-декабрда Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Ч.Айтматов атындагы райондук маданият үйүндө элдик таланттардын "Кош жылдыз" сынагынын жыйынтыктоочу концерти болду. Бул тууралуу Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, концертте өнөрпоздор белгилүү элдик жана эстрадалык ырларды жогорку деңгээлде аткарышып, көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартуулашты.

Концерттин жүрүшүндө катышуучуларга райондук маданият бөлүмүнүн, Каныш-Кыя айыл аймагынын Ардак грамоталары тапшырылды.

Кошумчалай кетсек, бул иш-чара райондук мамлекеттик администрациясынын, айыл аймактарынын колдоосу жана райондук маданият бөлүмүнүн демилгеси менен өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий