• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Таш-Көмүрдө рейд учурунда түндө көчөдө жүргөн 18 өспүрүм аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 13.11.23. /Кабар/. Таш-Көмүр шаарында “Өспүрүм түн” рейдинин жүрүшүндө көчөдө жүргөн 18 өспүрүм аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өспүрүмдөр менен атайын түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экөөнүн ата-энесине протокол түзүлгөн. Аныкталган өспүрүмдөр боюнча керектүү материалдар чогултуруп, тиешелүү мекемелерге сунуш каттар жиберилди.

Рейд Таш-Көмүр шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясы жана милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрү менен биргеликте өткөрүлдү.

Аталган иш-чаранын максаты — шаар аймагында жаш өспүрүмдөр тарабынан жасалган кылмыштуулуктун алдын алуу жана аларга бөгөт коюу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий