• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Милиция улуттар аралык кастыкты козуткан жаранды кармады

Аймак 0

Бишкек, 24.01.19 /Кабар/. Милиция кызматкерлери WhatsApp месенжери аркылуу улуттар аралык кастыкты козуткан жаранды кармады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

WhatsApp жана башка социалдык тармактарда массалык мушташтын видеосу тарап, кээ бирөөлөр бул окуя Ош облусунда тартылган деп билдире башташкан. Видеодо өзбек улутундагы балдардын мушташы тартылган.

"WhatsApp аркылуу видеону тараткан жарандын өздүгү такталып, кармалды. Азыркы учурда түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүрүп жатат", - деп ИИМ басма сөз кызматы.

Милициянын маалыматы боюнча, аталган видео болжол менен бир жума мурда таратыла баштаган. Жаш адамдардын ортосундагы мушташ Өзбекстан Наманган облусунун аймагында болгон. Өзбекстандын Башкы прокуратурасы аталган факты боюнча кылмыш иши козголгондугун расмий түрдө билдирген.

Аймактар аралык (улуттар аралык) кастыкты козутуу белгилерин камтыган материалдарды даярдоо жана жайылтуу менен жарандар КР кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесине (расалык, этникалык, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) ылайык кылмыш жоопкертилигине тартылат.

Пикир

Оставить комментарий