• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эки адам жабыркады. Балыкчыда айдоочу рулга ээ боло албай кырсыкка кабылды

Кырсык 0

Бишкек, 30.12.21. /Кабар/. Бишкек - Балыкчы - Каракол унаа жолунун 156-чакырымында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Хонда Аккорд” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып кетип, 25 жаштагы эки жаран жабыркаган.

Жерине үч куткаруучу тартылды, Жабыркаган жарандар тез жардам кызматына өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий