• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Ош шаарында мыйзамсыз курулуштарды бузуу иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 09.01.24. /Кабар/. Ош шаарында мыйзамсыз курулуштарды бузуу уланып жатат, деп маалымдайт мэриянын басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, Курманжан-Датка 211 (Араванский) дарегинде жайгашкан “Ситимаркет” соода борбору өз алдынча уруксат кагазы жок 25 чарчы метрге курулуш жүргүзүп тосуп алган.

"Бүгүн Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан эскертүү берилип, мыйзамсыз курулуш жеке ишкердин өз эсебинен бузулууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий