• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Сузак районунда 2 скважина калыбына келтирилди

Аймак 0

Бишкек, 18.12.24. /Кабар/. Сузак районунда 2 скважина калыбына келтирилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Министрликке караштуу Суу ресурстары кызматынын "Ош гидрогеологиялык партиясы" түштүк филиалы Сузак райондук суу чарба башкармалыгы менен биргеликте дагы 3 скважинаны калыбына келтирүү менен региондогу суу менен камсыздоону жакшыртуу боюнча иштерди улантууда. Бул айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга, жергиликтүү тургундардын жашоо шартын жакшыртууга жана аймактын жаратылыш жана климаттык өзгөрүүлөргө туруктуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Скважиналар жер астындагы булактардан суунун туруктуу агымын камсыз кылат, бул дарыялар жана каналдар сыяктуу жер үстүндөгү суу тартыш болгон мезгилде дыйкандарга талааларды сугарууга мүмкүндүк берет.

Жер астындагы суулар менен сугаруу үчүн скважиналар айыл чарбасында, өзгөчө Жалал-Абад облусунун Сузак району сыяктуу суу ресурстары чектелген райондордо маанилүү ролду ойнойт. Бул скважиналар эгиндерди сугаруу үчүн үзгүлтүксүз суу менен камсыз кылат, муну менен түшүмдүүлүк жана продукциянын сапаты жакшырат.

Пикир

Оставить комментарий