Бишкек, 26.02.21. /Кабар/. Сузак районунда азык-түлүк жарманкеси өтүүдө, - деп билдирет өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү.
Маалыматка ылайык, бүгүн район борборундагы аянтта өтүүчү жума базарынын бир бөлүгүнө азык-түлүк жарманкеси уюштурулган.
Анда басымдуу жергиликтүү дыйкандар өздөрү өндүргөн продукцияларын алып чыгышкан. Каалоочулар аталган жайдан салыштырмалуу арзандатылган баада азык-түлүктөрдү сатып алса болот.
Пикир
Оставить комментарий