• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Сузак районунда битум чыгарган завод ишке кирди

Аймак 0

Бишкек, 30.08.24. /Кабар/. Бүгүн Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы жана Эгемендүүлүк күнүнө карата президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Сузак районунун Барпы айылында "ОРИС НПЗ" ЖЧКсынын чийки мунайды кайра иштетүүчү заводу ишке берилди.

Анын ачылышына ПрезидентТин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, Сузак районунун акими Баратбек Сыдыкназаров жана ишкананын директору Ли Шимин катышты.

Өндүрүштүк мекеменин курулушу 2023-жылы башталган. Анын кубаттуулугу жылына 15 миң тонна чийки мунайды кайра иштетүү мүмкүнчүлүгү бар. Мында 31 жаңы жумуш орундары түзүлүп, заводко тартылган инвестициянын жалпы көлөмү 255 млн сомду түзөт. Жергиликтүү бийлик тарабынан ишканага 4 гектар жер аянты ажыратылып берилген.

Бүгүн Жалал-Абад облусунда төрт өндүрүштүк ишкана ачылды. Алар Сузактагы битум заводу, инвестициялык көлөмү 350 млн долларды түзгөн “Эти Бакыр Терек-Сай” ЖЧКсынын жаңы алтын ылгалоочу фабрикасы, Сузак электр энергиясын сатуу ишканасынын административдик имараты, ошондой “Камбар-Ата 1” ГЭСинин биринчи этабындагы узундугу 125 метрди түзгөн туннель пайдаланууга берилди.

Пикир

Оставить комментарий