• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто 15 өлкөнүн өкүлдөрү катышкан эл аралык бош орундар жармаңкеси өтүүдө

Аймак 0

Ош, 18.12.19. /Кабар/. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу КР өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы Ошто эл аралык ири бош орундар жарманкесин өткөрүүдө. Иш-чара мигранттардын эл аралык күнүнө карата өткөрүлүүдө.

15 өлкөдөн келген ишкерлер миңдеген жумуш орундарын сунуштап, болочок кызматкерлер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүүдө.

Жумуш берүүчү ишкерлер менен болгон сүйлөшүүлөрдө жарманкеге келгендер сунушталган жумуш жөнүндө, ар кандай бош орундар жана компания тууралуу толук маалымат ала алышат.

Бул иш-чара бүгүн, 18-декабрда Ош мамлекеттик университетинде саат 9:00дөн 16:00гө чейин өтүүдө. Дареги: Ленин көчөсү №331.

Андан тышкары, “Мигрант: кечээ, бүгүн, эртең” аттуу эл аралык форум өтүп, анын ишине маморгандардын, жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин, эл аралык, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү жана чет элдик өнөктөштөр катышат.

Пикир

Оставить комментарий