• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Сузак районунда мектептин 375 орундуу кошумча корпусу курулууда

Аймак 0

Бишкек, 18.07.24. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун С.Акбаров атындагы №16 мектептин кошумча корпусун курулууда.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, объектин курулушу 2023-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.

Белгиленгендей, мектеп эки кабаттуу 375 окуучуга ылайыкталган. Курулуш иштерин "Монолит строй" ЖЧКсы жүргүзүүдө. Бүгүнкү күнгө карата эки кабаттын дубалы тургузулду, учурда курулуш-монтаждоо иштери үзгүлтүксүз жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий