Бишкек, 21.11.22./Кабар/. Сузакта аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө акысыз көмүр таратылууда. Бул тууралуу Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Сузак районунун Сузак айыл өкмөтүндө жергиликтүү бюджеттин эсебинен алынган 150 тонна көмүр аз камсыз болгон 300 үй-бүлөлгө кыш мезгилиндеги жардам катары берилүүдө. Учурда 77 тонна көмүр келип түштү.
Белгилей кетсек, мындай саамалык райондун башка айыл өкмөттөрүндө да уланат.
Пикир
Оставить комментарий