• 87
  • 90.59
  • 0.87

Сузакта Барпы чек ара заставасынын жаңы имараты пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 25.12.24. /Кабар/. Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Сузак районунда жайгашкан Барпы чек ара заставасынын жаңы имаратын пайдаланууга тапшырды.

Ачылуу аземине Чек ара кызматынын жетекчилиери, жергиликтүү башкармалыктарынын жана чек ара заставасынын өздүк курамы, жергиликтүү тургундар катышты.

Камчыбек Ташиев сөз сүйлөп жатып, мындан ары дагы кыргыз чек арачыларынын кызматтык жана жашоо шарттарын жакшыртуу, материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана заманбап курал-жарактар менен камсыздоо иштери улантыларын белгиледи.

"Бирок, ошол эле кезде, чек арачылар арасында, жалпы эле аскер кызматкерлери арасындагы мыйзамсыз, тартипсиз, уставдык эмес кадамдарга барып жаткандарга карата олуттуу жазалар да каралат. Ар бир аскер кызматкери мыйзамдарыбызды так сактоого, өлкөбузгө берилгендик менен кызматтык кылууга милдеттүү экенин унутпашы керек. Өлкө башчыбыздын тапшырмасына ылайык, кыргыз армиясы бугун бардык керектүү каражаттар менен камсыздалып, айлык маяналар көбөйтүлуп, жашоо шарттары, курал-жарактар жана башка зарылчылыктарыдын баары камсыздалып жаткандан кийин, аскер кызматкерлеринен да ушуга жараша туура мамаиле болууга тийиш...”, – деп баса белгиледи.

Генерал-полковник Камчыбек Ташиев жаңы заставанын имаратын жана аймагын толугу менен көруп чыгып, түзүлгөн шарттар менен таанышты. Жоокерлер менен чогуу тамактанып, машыгуу залдары, кызматтык жатканаларды да карап чыкты. Заставада мончо, жайкы ашкана, кызматтык жатаканалар, футбол аянтчасы, автопарк жана башка кызматтык зарылчылыктар толугу менен камсыздалган.

Барпы чек ара заставасы буга чейин айыл ичинде жайгашкан эски балдар бакчасынын имаратында жайгашкан болчу. Тийиштүү кызматттар ал имаратты пайдаланууга болбойт, авариялык абалда деген тыянак чыгарган. Мындан улам, чек арачыларга жаңы заманбап застава куруу зарылчылыгы келип чыккан. Камчыбек Ташиевдин көзөмөлү астында заставанын курулуш иштери кыска убакытта, бардык талаптарга жооп бере турган шартта курулуп бүткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий