• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абадда бейбаштыкка шектелип мурда бир нече жолу соттолгон жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.03.23. /Кабар/. Жалал-Абадда бейбаштыкка шектелип мурда бир нече жолу соттолгон жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милициягы А.Л. аттуу жаран арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 21-февралында Сузак районунун аймагынан өткөн Ош-Бишкек унаа жолундагы айлампада (круговой) Эдик аттуу адам шериктери менен аны ур-токмокко алып, денесине жаракат келтиргендигин билдирген.

Аталган факты КБРге катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (Бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында окуяга шектелип мурда бир нече жолу соттолгон Ноокен районунун Шайдан айыл аймагынын 1988-жылы туулган С.А. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий