Сузакта “Хизб ут-Тахрир” уюмунун активдүү мүчөлөрү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.06.24. /Кабар/. Күн мурун, 31-майда Кыргызстанда тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” диний-экстремисттик уюмунун 6 активдүү мүчөсү кармалды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, аталган адамдар Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Бек-Абад айылында экстремисттик идеологияны активдүү жайылтышкан.

Жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында экстремисттик мүнөздөгү көп сандагы адабияттар, баракчалар, уюлдук телефондор жана электрондук алып жүрүүчү каражаттар табылды.

Бул адамдар "ХТИ" ДЭУнун катарына жаңы жактоочуларды тартуу максатында жергиликтүү калк арасында экстремисттик идеологияны үгүттөө иштерин системалуу түрдө жүргүзүп келишкен.

Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилип, алардын кошумча кылмыштуу байланыштарын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

УКМК жарандарга Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдардын ишине катышкандыгы үчүн каралган кылмыш-жаза жоопкерчилиги жөнүндө эскертет.

Пикир

Оставить комментарий