• 87
  • 90.41
  • 0.84

Сузакта Жогорку Кеңештин депутатын шайлоону утурлай үгүт иштери башталды

Аймак 0

Бишкек, 02.09.24. /Кабар/. Бүгүн Сузак шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутатын шайлоону утурлай үгүт иштери башталды.

Боршайкомдон билдиришкендей, үгүт өнөктүгү 21-сентябрда саат 8.00дө аяктайт.

Мөөнөтүнөн мурда шайлоого 15 талапкер катышуу ниети тууралуу арыз берип, 5 талапкер катышуудан баш тартты, бир талапкердин каттоосу канааттандырылган жок.

Бүгүнкү күндө жалпысынан 9 талапкер катталды, анын ичинен экөө аял.

Белгилей кетсек, Сузак шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 22-сентябрга белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий