• 87
  • 90.63
  • 0.79

Сузактагы бала бакчада балдарга карата зомбулук фактылары аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 04.12.24. /Кабар/. Сузактагы бала бакчада балдарга карата зомбулук фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан Сузак районунун Октябрь айылында жайгашкан "Кенжетай" балдар бакчасынын кызматкерлери тарабынан тарбияланып жаткан балдарга карата жасалган ырайымсыз мамиле чагылдырылган факты боюнча кылмыш иши козголду.

Тактап айтканда, аталган балдар бакчасынын кызматкерлери тарбиялоо боюнча милдеттерин аткарбай, балдарга карата ырайымсыз мамиле жасашып, ата-энелердин балдарына карата зомбулук көрсөтүлүп жаткандыгы боюнча балдар бакчасынын жетекчисине бир нече ирет кайрылуусуна карабастан көңүл сыртында калтырылып, эч кандай тиешелүү чаралар көрүлбөй келген.

Мындан сырткары, текшерүүдө “Кенжетай” балдар бакчасынын жооптуу кызматкерлери талаптарды одоно түрдө бузуп, ата-энелерден, балдар бакчанын кызматкерлеринен акча каражаттарын системдүү түрдө чогулткандыгы аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен КР Кылмыш-жаза кодексинин 187-беренеси ("Баланы тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо"), 337-беренеси ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") жана 348-беренеси ("Шалаакылык") каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн кылмыш иши Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалынына жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий