• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Сузактагы кырсык. Айдоочу камакка алынды, окуя Ташиевдин жеке көзөмөлүндө

Кырсык 0

Бишкек, 02.05.24. /Кабар/. Сузактагы сынак учурунда окуучуларды унаа сүзүп кеткен окуяга байланыштуу айдоочу камакка алынды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Ошондой эле ведомстводон министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов окуяны жеринен көзөмөлдөө үчүн аймакка жөнөп кеткенин кошумчалады.

Ошондой эле аталган кырсыкты Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жеке көзөмөлүнө алды.

Саламаттык сактоо министрлигинин саат 19:30га карата маалыматына ылайык, кырсыктан жабыркап, ооруканага кайрылгандардын саны 32 адамге жетти.

Эскерте кетсек, бүгүн, 2-майда саат 11:30дар чамасында Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Катмы эс алуучу жайында манас айтуу боюнча республикалык сынактын алкагында флешмобго катышып жаткан окуучуларды Hyundai Porter унаасы белгисиз себептерден токтоп турган жеринен жылып, окуучуларды тебелеп кеткен.

Пикир

Оставить комментарий