• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Сузактагы кырсык. Күнөөлүүлөр жоопко тартылат — Ташиев

Кырсык 0


Бишкек, 03.05.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ, 2-майда Сузак районунда массалык иш-чара учурунда окуучуларды унаа сүзүп кеткен окуяга байланыштуу комментарий берди.

"Учурда укук коргоо жана прокуратура органдары менен биргеликте изилдөө иштери жүргүзүлдү. Айрым ЖМКлар таратып жаткан террордук же кылмыштуу аракеттер боюнча маалыматтар аныкталган жок. Бул жерде кырсык шалаакылык жана коопсуздук эрежелеринин сакталбаганынан келип чыккан. Уюштуруу иштеринде дагы көп кемчиликтер кеткен. Уюштуруучулар бардык коопсуздук эрежелерин эске алышы керек болчу. Мисалы, унаалар үчүн атайын жайлар каралып, эл топтолгон аймакка киргизилбеш керек эле. Ушундай майда-барат иштерге көңүл бурбоонун кесепетинен ушундай кырсык келип чыгууда", - деди Ташиев.

Ошондой эле УКМКнын жетекчиси күнөөнүүлөр жоопкерчиликке тартыларына ишендирди.

Пикир

Оставить комментарий