• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Сузактагы медиктерге өзгөчө кырдаалдар учурунда иштөөнү үйрөтүштү – фото

Аймак 0

Бишкек. 13.03.19 /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери Сузак районундагы Октябрь айылындагы оорукананын кызматкерлери үчүн окутуу өткөрүштү.

"Күнүмдүк турмушта өзгөчө кырдаалдар жана өрт кырсыгы катталган учурда көрүлүүчү кечиктирилгис иш-чаралар жана иш-аракеттер" деген темада практикалык окутуу өткөрүлгөн.

Анда саламаттыкты сактоо кызматкерлери өрт же өзгөчө кырдаалдар учурунда баштапкы аракеттери, куткаруучулар тарабынан куткаруу иштерин жүргүзүү, кырсыктарды жоюу жана баштапкы өрт өчүрүүчү шаймандарды колдонуу боюнча да окутуу жана практикалык түрүндө да көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий