• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Сузактагы өзгөчө кырдаалды жоюу боюнча ыкчам чаралар кабыл алынды

Коом 0

Бишкек, 06.05.22. /Кабар/. Сузак районунда катталган өзгөчө кырдаалды жоюуга кечиктирилгис штабдык жыйын өтүп, анда өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев ыкчам чараларды кабыл алды.

Ведомстводон билдиргендей, селдин кесепеттерин ыкчам жоюуга ӨКМдин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын башчысына кошумча күч жана каражаттарды тартуу тапшырмасы берилди.

Мындан тышкары, жарандык коргонуу кызматтарынын өкүлдөрүн жумушка тартуу, ар бир кызмат өз жумуштарын так алып баруу тапшырмалары коюлду.

Ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө калктуу конушта жашаган жарандардын турак жайларын камсыздандыруусу боюнча сөз болуп, жарандарга бул багытта түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырмасын коюлду.

Пикир

Оставить комментарий