• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте ЖККУнун "Бузулгус боордоштук-2023" машыгуусуна даярдык талкууланууда

Коом 0

Бишкек, 21.06.23. /Кабар/. Бишкекте Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Тынчтыкты орнотуучу күчтөрү менен "Бузулгус боордоштук-2023" биргелешкен машыгуусуна даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча экинчи штабдык сүйлөшүү башталды.

КР Коргоо министрлигинен билдиришкендей, сүйлөшүүнүн максаты – окуу тапшырмаларын толук жана сапаттуу аткарылышын камсыздоо жана машыгуунун максатына жетүү болуп саналат.

Иш-чарага Кыргызстан, Армения, Беларусь, Казакстан, Россия жана Тажикстандын аскер делегациялары, ошондой эле ЖККУ Бириккен штабынын жана Катчылыгынын өкүлдөрү катышууда.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө машыгууну өткөрүү тартиби жана көздөмү, тынчтыкты орнотуу бөлүкчөлөрүнүн практикалык иш-аракеттеринин планы, ар тараптуу камсыздоо маселелери каралып, макулдашылат жана боло турган маневрлердин районун изилдөө (рекогносцировка) жүргүзүлөт.

Эскерте кетсек, "Бузулгус боордоштук-2023" биргелешкен машыгуусу үстүбүздөгү жылдын күз айларында Кыргызстандын аймагында өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий