• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Быйыл Кыргызстанда жолдорду оңдоого жана курууга 6 млрд сом бөлүнгөн

Өкмөт 0

Бишкек, 21.06.23. /Кабар/. Бул жылы Кыргызстанда жолдорду оңдоп-түзөөгө жана курууга 6 млрд сом каралган. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.

Ал Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 84 бирдик атайын техниканы тапшырып жатып министрлер кабинети жол тармагын динамикалуу өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи.

"Бул жылы тармактык долбоорлорду ишке ашырууга бюджеттен 6 млрд сомдон ашуун кражат каралды. Жылдын аягына чейин республика боюнча 855 чакырым жолду куруу жана оңдоо пландаштырылган, алар 587 чакырым – асфальт төшөө, 178 чакырым – жолду бодурлоо (ШПО) жана 90 чакырым – шагыл иштери жүргүзүлөт", - деди Төрөбаев.

Пикир

Оставить комментарий