• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Жалал-Абаддын Жээнбеков айылы таза суу менен камсыз болду

Аймак 0

Бишкек, 21.06.23. /Нурзат Жумалиева - Кабар/. Жалал-Абад шаарынын Тайгараев аймактык башкаруусундагы Сатыбалды Жээнбеков айылында таза суу чыгарылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, шаар бийлиги 200 түтүн жашаган аталган айылды ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн кошумча резервуар жана скважина куруп берген. Учурда таза суу 130 метр тереңдиктен насостун жардамында чыгарылууда.

Мэриядан белгилешкендей, аталган айылдын жашоочулары буга чейин атайын суу ташуучу унаалар менен кудуктарына суу толтуруп, күнүмдүк керектөөсүнө пайдаланып келген.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын каржылоосу менен “Жалал-Абад шаарынын суу жана саркынды суу тутумун реабилитациялоо” долбоорунун экинчи фазасы ишке ашырылып жатат. Жалпысынан экинчи фаза менен шаарда 8 чакырым саркынды суу түтүктөрү жана 40 чакырым суу түтүктөрү тартылат. Ошондой эле №2 саркынды сууларды кабыл алуу жайы жаңыланат.

Ал эми алдыда шаар бийлигинин тапшырмасы жана элдин суроо-талабы менен "Жалал-Абад сууканал" башкармалыгы Тайгараев аймактык башкаруусундагы таза суусу жок 7 айылга суу чыгарууну пландап жатат.

Пикир

Оставить комментарий