• 87
  • 90.41
  • 0.84

Сузакта мунайды кайра иштетүүчү ишкана курулууда

Аймак 0

Бишкек, 14.11.24. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак айыл аймагынын Таштак-Сай тилкесинде мунайды кайра иштетүүчү ишкана курулууда .Бул тууралуу Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн Сузак районунун башчысы Баратбек Сыдыкназаров ишкананын курулуш иштери менен таанышты.

Белгиленгендей, ишкананы жыл аягында ишке берүү пландалууда.

Эскерте кетсек, райондун аймагында жаңы өнөр жай ишканаларын ачуу жана калкты жаңы жумуш орундары менен камсыз кылуу максатында быйыл Таштак-Сай тилкесинен 3 гектар жер бөлүнүп, мунайды кайра иштетүүчү ишкананын курулуш иштери башталган.

Пикир

Оставить комментарий